super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Министрге телефон чалып..." Садыр Жапаров "чексиз тариф" тууралуу түшүндүрмө берди

 
Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, электр энергиясындагы "чексиз тарифке" бөгөт коюлганын билдирди.
Президент "чексиз тариф" үч жыл мурун киргизилгенин белгиледи.
"Күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн, чектөөсүз колдонууга чакырык жасоо демилгеси “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коому тарабынан Энергетика министрлиги менен алдын ала макулдашылбастан туруп көтөрүлгөн экен. Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жаратты. Ооба, бул "чектөөсүз тарифи" үч жыл мурун киргизилген, импорттолгон электр энергиясынын баасы менен калкка сатылып жаткан электр энергиясынын баасынын, айырмасын аз болсо да толуктоо үчүн.
Бирок азыркы шартта суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард куб метрге аз, ошондуктан чектөөсүз тарифке кошулууга бөгөт коюлду. Мен ЖМКдан көрүп дароо эле министрге телефон чалып, катуу айтып бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырдым", - деп жазды мамлекет башчысы.
Буга чейин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы калкты электр энергиясына болгон "чексиз тарифке" өтүүгө чакырган. Бул өз кезегинде коомчулук тарабынан сынга алынган. Ал арада өлкө башчысы талкуу жараткан чакырыкка байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин ишин сынга алган.

Кийинчерээк Энергетика министрлиги буга түшүндүрмө берип, "чексиз тариф" демилгесин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" акционердик коому министрлик менен макулдашпастан көтөргөнүн билдирген. Мындан улам үч тешелүү кызматкерлерге чара көрүлгөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: