"Эч кыйналбастан толук кутулабыз". Президент өлкөнүн карызы боюнча билдирүү жасады
Өлкө башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн ички жана тышкы карызы боюнча билдирүү жасады. Ал бийликке келген жылдан баштап мамлекттик карыздар үчүн 285,4 миллиард сом төлөнгөнүн белгиледи."30 жылда чогулган тышкы жана ички карыздарга токтолоюн. Бактыга жараша, баарын кайтарчу убак жана башка тогуз толгоо иштери бир келип, менин президенттик мезгилиме туш келиптир. 2020-жылы 31 миллиард сом төлөдүк. 2021-жылы 30 миллиард сом, 2022-жылы 34 миллиард, 2023-жылы 53 миллиард, 2024-жылы 60 миллиард, 2025-жылы 79 миллиард сом, жалпысынан 2020-2025-жылдары мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 миллиард сом кетти. (3,3 миллиард доллар) төлөндү. Анын 170,5 миллиард сому (1,9 млрд доллар) тышкы карыз болсо, 114,9 миллиад сому (1,4 миллиард доллар) ички карыз", - деп жазды Жапаров социалдык тармактагы баракчасына.
Мамлекет башчы өлкө экономикасы өсүп жатканын, андыктан алынган карыздарды төлөө оорчулук жаратпай турганын билдирди.
"Тышкы карыздарды 2035-жылга чейин эч кыйналбастан толук кутулабыз. Анткени бүгүн экономикабызда өсүш жогорку темп менен бара жатат. Алдыда 15-20 жыл ушул темп менен өсөт. Себеби чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Дагы да инвестициялар кирет. ИДПбыз мындан да жогорку көрсөткүчкө жетет. Мамлекеттик карыздын туруктуулугу анын ИДПга болгон катышы аркылуу аныкталат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 42 пайызды түзөт.
Мурда бул көрсөткүч 68пайыздан 84 пайызга чейин жеткен учурлар болгон. Ошол себептен бүгүн кооптонууга эч негиз жок. Алынган карыздар баары экономиканы өнүктүрүүгө гана жумшалып жатат. Демек, жакынкы жылдарда ИДПбыз мындан да көбөйөт, бул болсо экономикабыз дагы да өсөт дегенден кабар берет. Ал эми азыркы убакта алынып жаткан карыздар конкреттүү, даректүү долбоорлорго жумшалып жатат. Төлөнчү убагы келгенде, бүгүнкүдөй бюджеттин эсебинен төлөбөйбүз. Ар бир долбоор өзүн өзү актайт, өзү төлөйт, өзү кутулат.
Мисалы, Камбар-Ата ГЭСин алалы. 1,5 миллиард долларды 50 жылга алып жатабыз. Үстөгү жок. “Льготный период” 10 жыл. Камбар-Атанын курулушу 7-8 жылда бүтөт. Дароо иштеп баштайт. Иштеп баштаган соң, өзүнөн түшкөн киреше менен 50 жылды биякка кой, 15 жылда эле кутулуп коёт. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун алалы.
Бул долбоор тышкы карыз эмес. Бул долбоор коммерциялык долбоор. Үч тарап курат, пайдаланууга берилет, 35 жылдан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз Кыргызстанга калат.
Ушул жерден дагы бир эл-журт үчүн эскертип кете турган нерсе. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү биригип, экономикалык бир океан болсо, Кытай өзүнчө бир экономикалык океан. Биз эки океанды бириктирген темир жолду салып жатабыз.
Ал темир жол Кыргызстан аркылуу өтөт. Келечекте биз транзиттик өлкөгө айланып, дүйнөлүк экономикалык саясатка таасир этебиз.
Ошондуктан ар кандай провокацияларга алдырбай, бул долбоорду тез арада аягына чыгарышыбыз керек. Ушундай ири долбоорлордун дээрлик 90 пайызы бюджетке тиешеси жок. Албетте анча-мынча социалдык долбоорлорго, жолдорго алынып жаткан кредиттер бар. Бирок алар келечекте бюджетке сезилбейт деле. Ошондуктан тышкы карызыбыз баланча болуп кетти деп коңгуроо кагып трагедия кылып, элди көтөрүүгө аракет кылып жаткандарга көңүл бурбагыла. Мага десе түкүнчө болуп кетсин. Баары өз орду менен, даректүү долбоорлорго колдонулуп жатат. Эң негизгиси келечекте бюджетке салмагын салбайт", - деп жыйынтыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















