super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров чоң кишилер айдоочулукка 14 айдан азыраак окушу мүмкүн экенин айтты

 
Өлкө башчысы Садыр Жапаров айдоочулукка окутуу мөөнөтүнүн 14 айга узатылып жатышы боюнча билдирүү жасады.
"Өлкө боюнча бардык мектептерге Жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Ал ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыгууда. Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат беришет.
Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт. Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат. Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө. 14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди.
Мектеп окуучулардын баардыгын окуткандын зарылчылыгы канчалык, айдоочулук күбөлүк алам дегендерди эле окутса болбойт беле деген да суроо туулушу ыктымал. Каалайбызбы, жокпу баарыбыз эле жол кыймылынын катышуучусу болобуз. Унаа айдаганы да, жөө жүргөнү да. Андыктан жаштарыбыз жол кыймылынын эрежелери боюнча маалыматы болсо ашыкча болбойт. “Унаа айдабайм, мага айдоочулук күбөлүктүн кереги жок” дегендер акыркы сынактарга катышпай койсо өз эрктери.
Техникалык база жетиштүү. Өлкөнүн бардык аймактарында унаа мектептер болот. Практикалык сааттар ошол жерде өтөт. Теориялык сабактар жогоруда айткандай мектептеги класстарда өтөт. Ал эми мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн чоң кишилер унаа мектептерде окушат. Аларга окуу мөөнөтү интенсивдүү жана азыраак болушу мүмкүн", - деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин 14 айлык окуу боюнча Президенттин иш башкармагы маалымат жыйын берген. Анда айдоочулукка окутууда киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу кенен маалымат берилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: