"Мамлекет азыр күчтүү". Садыр Жапаров бийлик төңкөрүштөргө жол бербестигин билдирди
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бийлик өлкөдө төңкөрүш жасоого жол бербестигин айтты.Президент мурдагы алсыз мамлекет азыр күчтүү болгонун белгиледи.
"Көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, “шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен” деген жаман ойлуу топтор бар. Ал эмне болгон топтор. Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматтарынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот.
Ошолордун бирин жакында эле Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз кабыл алып бетине эле: "Алмазбек Атамбаев сизди "ак шакалсың, кузгунсуң" деп бекер айткан эмес экен. Болду эми, тынч жүрүп, небере жыттап, үйдө эле олтуруңуз” айттык. Дагы деле оңолбоптур.
Ал топтор “KG групп”, “Ихсан” сыяктуу аферисттер салган, бирок элди алдап бүтпөгөн үйлөрдү сатып ийген эски проблемаларды блогерлер аркылуу улам улам свети жок деп эски материалдарды чыгартып жатышат. Биз ал үйлөрдү акырындык менен толук куруп бүтүрүп, мыйзамдаштырып, электр энергиясын туташтырып берип жатабыз. Калган көйгөйлүү үйлөрдүн баары бүтүш үчүн убакыт керек. Бүтөт баары. Андыктан башаламандыкка үмүт кылбай эле койгула.
Төңкөрүшкө жол берилбейт. Себеби, биринчиден, төңкөрүшкө шылтоо бербейбиз. Экинчиден, мурдагы алсыз мамлекет жок. Мамлекет азыр күчтүү. Үчүнчүдөн, элдин баары кимдерди кубалаш керек, кимдер бийликте олтуруш керек экенин жакшы билип калышты. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерчулук, алдым-жуттумдуулук, төңкөрүштөн кийин мурдагыдай бир кызматты мыкчый калып байыганды түшүңөрдө көрө бергиле", - деп жазды мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















