Президент мындар ары айдоочулук күбөлүк сатылбастыгын билдирди
Өлкө башчысы Садыр Жапаров айдоочулукка окутуу мөөнөтүнү 14 айга узартуу жол кырсыктарын азайтуу үчүн керектигин билдирди.
"СССР тарагандан бери эч ким деле кыйратып окуп күбөлүк алган жок. Бүгүнкү колунда күбөлүгү барлардын 90 пайызы айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар. Бул ачуу чындык. Мен муну 100 пайыз далилдеп берем. Азыр көчөдөн көпчүлүк айдоочуну токтотуп, жол эрежелерин сурабай эле коёлу мотор, коробка, радиатор, аккумулятор, стартери кайсы деп сурасаң көрсөтө албайт.
Мотору кайсы десең радиаторун көрсөткөндөр четинен чыгат. Ошондуктан келечек муун үчүн азыртадан кам көрөлү. Бул тармакты ирээтке келтирели.Айдоочулар жол эрежесин билбеген үчүн, сактабаган үчүн бүгүн авто кырсыктар көп болуп жатат", - деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.
Мамлекет башчысы эми айдоочулук күбөлүктү сатуу деген болбой турганын белгиледи.
"Мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, экзамен тапшырууга кетет. Мунун эмнеси жаман? Эрежелерди билбегендер же унутуп калгандар болсо кайра жаттап алышат. Авто кырсыктын баарын эреже менен айдабагандар жасап, адамдардын өлүмүнө алып келип жатышат.
Мен күбөлүк сатып кармалган кызматкерге суроо бердим: “Сен 100дөн ашык балага күбөлүк сатыпсың. Эртең ушул 100 баланын бирөөсү сенин жакындарыңдын бирөөсүн кагып өлтүрбөйт деп кепилдик бере аласыңбы?” десем. "Бизде ушундай учур болгон” дейт. Күбөлүктү сатып алган бала күбөлүк саткан кызматкердин бир тууган эжесин тебелеп кеткен экен. Мына ушундайлар да болот.
Ошондуктан күбөлүктү сатып аткан кызматкер күбөлүктү сатып алып жаткан ушул бала келечекте менин баламды же неберемди тебелеп кетпейби деп ойлонушу керек. Биз мамлекет тараптан күбөлүктү толук окуп алгандарга гана бериш үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.
Европа өлкөлөрүндө 2-3 жылдап окуп жүрүп, араң күбөлүк алгандар бар. Тилекке жараша, Европада авто кырсыктар жокко эсе. Эмне үчүн биз ушуну жасай албашыбыз керек. Биз азыртадан катуу чара көрүп баштасак, ошондо дагы 50 жылда тазаланабыз. 30 жылдан берки күбөлүк сатып алгандар улгайып, авто айдабай калганда гана бүгүнкү толук окуп күбөлүк алып жаткандар калат. Мына ошондон кийин гана бизде дагы жол кырсыктар жокко эсе болот.
Ошондуктан азыркы көрүлүп жаткан чараларды жарандарыбыз кынтыксыз колдошу керек", - деп кошумчалады Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы чоң адам айдоочулук күбөлүктү 14 айдан азыраак окушу мүмкүн экенин билдирип, Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат берилерин тактады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Marsel
09.11.2025. 19:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда 3 ай окуп эле алышат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















