super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров өлкө электр энергиясына болгон муктаждыктан 2 жылда кутуларын билдирди

 

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу электр энергиясындагы абал боюнча билдирүү жасады.

Өлкө башчысы өзү бийликке келгенге чейин аталган тармакта жемкорлук иштер болуп келгенин белгиледи.

"2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөн. Кыргызстандын энергетика системасы мына-мына катастрофа болот деп турган убак эле. Ошол учурда “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр” ААКынын абалдары өтө оор болчу, тышкы жана ички карыздары күндөн-күнгө өсүп, жумушчуларына эмгек акысын төлөө үчүн коммерциалык банктардан карызга акча алышчу. Мындайча айтканда банкрот болуп калышкан.
Энергетиктер ал мезгилдеги кыргыз энергетика системасындагы болуп жаткан бул жагдайды жакшы билишет. Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес. Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген. Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес. Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген.
Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. 5 сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип териштириш кыйын. 5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген.
Ошентип, 2020-жылдан баштап бул тармакта ар кандай реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схемаларды, уурулук, коррупциялык аракеттерди жоюунун, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 миллиард карызды азайтып жүрүп олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк", - деп жазды Жапаров.
Мамлекет башчысы 2 жылдан кийин өлкө электр энергиясына болгон көйгөйдөн кутуларын убада кылды.
"2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт. Бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздыгыбыз үчүн чоң жетишкендик. Эгер мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле. Муну 5-класттын баласы деле жасай алат. Мен бул жолду тандабадым. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок.
Азыр болсо кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде (себестоимость) импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатабыз. Калган айырма дагы деле министрликтин моюнунда. Бирок ошого карабастан, биздин жасап жаткан реформалардын, ар кандай айла амалдардын негизинде келээрки жылы министрлик 25 миллиард сом карызынан толук кутулуп, 2027-жылы кирешеге чыга баштайт деп үмүт артып турабыз.
Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз. Ошондуктан суунун деңгээлин сактоо үчүн жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу үчүн биз электр энергиясын көп көлөмдө импорттогонго аргасызбыз", - деп кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: