super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Мен Европада 4 жыл жашадым". Президент бир лампочка үчүн ГЭС канча литр суу иштетерин айтты

 
Президент Садыр Жапаров элди электр жарыгын үнөмдүү колдонууга чакырды.
"Канчалык үнөмсүз колдонсок, ошончолук акча каражатыбыз сыртка чыгып кетип жатат деп билиңиздер. Ошондуктан бүгүнкү күндө мамлекеттик мекемелерге дагы кечки саат 18:00дөн кийин имараттардагы светтердин, приборлордун баарын өчүрүп кетүү талабын коюп жатабыз. Энергия эч качан жетишсиз болбойт. Чексиз импорттоп алып келе берсек болот. Бирок бюджеттен ашыкча акчабыз кетип жатат. Бул каражаттар элдин, өзүңүздөрдүн эле акчаңыздар. Ошону билип коюңуздар.
Эгер чындап келсе, жеке жактар дагы энергияны үнөмдөбөйт. Кээ бир үйлөрдү карасаң, күндүз деле светти жандырып алышат. Көчөдө кетип бара жатсаң, короосундагы свети күндүз деле жанып турат. Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жаранга кайрыла кетет элем. Светти үнөмдөп пайдаланыңыздар. Ар бир күйүп турган 100 Ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер. Элестетиңиздерчи, бир эле лампочка үчүн 270 литр суу агып кетет. Ошондуктан түнкүсүн баарын өчүрүп жатууну унутпаңыздар", - деп жазды мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына.
Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдөгү бааны башка мамлекеттер менен салыштырды.
"Мен Европада 4 жыл жашадым. Ашыкча бир мүнөт дагы свет колдонушпайт. Дароо өчүрүшөт. Анткени ал жакта свет кымбат. Мисалы үчүн Германияда кышкы мезгилде бир кВт саат электр энергия 50 евроцент же болбосо 50 сомго чейин турат.
Ал эми Орто Азияда, мисалы Өзбекстанда, тариф керектөөсүнө жараша саналат, бир миң кВт саат колдонсоңуз, айына орточо 500 сумдан төлөлөйсүз, сом менен 3 сом 60 тыйын, канча көп электр энергиясын колдонсоңуз, ошончого тарифи өсөт. Ал эми Казакстандын Алматы шаарында минималдуу электр энергияга болгон тариф 30 тенгеден 50 тенгеге чейин, сом менен 5 сомдон 8 сомго чейин. Бизде Кыргызстанда болгону 1 сом 37 тыйын.
Албетте, ал жактарда эмгек акы жогору дешиңиздер мүмкүн. Ошол жогорку эмгек акылар жана ал жактарда жашоого болгон баалар менен салыштырып көрсөк, ошондо деле бизде свет эң арзан болуп чыкты. Анткени алар алган айлыктар тамак-аш, медициналык камсыздандыруу, үй жана унаа камсыздандыруу, салык болуп олтуруп, айлыктары дээрлик биздики менен бирдей эле болуп калат...
Ошондуктан азыркы убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, туура түшүнүп, энергетика системабыздын бутуна туруп кетишине жардам бериңиздер. Энергияны үнөмдүү, сарамжалдуу колдонуңуздар. Сиздердин кылган жардамыңыздар ошол болот", - деп кошумчалады өлкө башчысы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: