АКШда сенаторлор шатдаунду токтотуу боюнча келишимге келишти
Politico жана Fox News басылмаларынын маалыматына караганда, АКШнын сенаторлору шатдаунду токтотуп, өкмөттүн ишин кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк бере турган эки партиянын ортосундагы макулдашууга жетишишти. Бул келишим Сенаттагы демократтардын жетиштүү колдоосуна ээ болду, ал эми республикачылар да аны колдоону көздөшүүдө. Макулдашуу боюнча добуш берүү бүгүн, 10-ноябрда Сенатта өтөт.
Politicoнун маалыматы боюнча, бул документ кененирээк бюджеттик план үчүн негиз болуп калат. Ал планга Айыл чарба министрлигин, Тамак-аш жана дары-дармек сапатын көзөмөлдөө башкармалыгын, Ардагерлер иштери боюнча агенттикти, аскердик курулуш долбоорлорун жана Конгресстин ишин бүтүндөй каржылоо кирет. Калган мамлекеттик түзүмдөргө болсо 30-январга чейин убактылуу каржылоо берилет.
Келишимде шатдаун маалында жумуштан убактылуу бошотулган федералдык кызматкерлерди кайра ишке алуу жана аларга компенсация төлөп берүү каралган.
АКШ өкмөтүнүн иши 39 күндөн бери токтоп турууда. Экономисттердин эсебинде, бул кырдаал АКШга жумасына 10 миллиарддан 30 миллиард долларга чейин чыгым алып келүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















