Австралиялык окумуштуу COVID-19 вирусунун аба аркылуу жугушун изилдегени үчүн сыйланды
Австралиялык профессор жана абанын сапаты боюнча эксперт Лидия Моравска 2025-жылдагы Австралиянын премьер-министринин илим боюнча сыйлыгына татыктуу болду.
Маалым болгондой, ал COVID-19 вирусунун аба аркылуу жугушун изилдеген. Анын изилдөөлөрү SARS-CoV-2 инфекциясынын аба аркылуу жугушу боюнча эл аралык медициналык уюмдардын түшүнүгүн өзгөртүүгө чоң таасир тийгизген.
Пандемиянын алгачкы мезгилинде вирус негизинен ири тамчылар аркылуу же жакындоо жолу менен жугат деп эсептелген. Бирок Моравска вирус абада калкып жүргөн майда аэрозолдор аркылуу жуга турганын далилдеп берген.
"Илимий билим максатсыз болсо, жетишсиз. Менин максатым — адамдардын саламаттыгын, жашоосун жана коомдун жыргалчылыгын жакшыртуу",-идеген Моравска.
"Анын иши дүйнөнүн абанын сапаты менен инфекциялардын жайылышын түшүнүүсүн түп-тамырынан өзгөрттү",- деп билдирген Австралиянын илим министри.
Ошондой эле Моравскага 250 000 австралиялык доллар өлчөмүндөгү акча берилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















