Трамп бажы төлөмдөрүн жокко чыгарбай турганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө өзүнүн бажы саясатында эч кандай өзгөрүү болбой турганын дагы бир жолу ырастады.
Трамптын айтымында, импорттук бажы төлөмдөрүн жогорулатуу АКШнын өндүрүшүн жана жумуш орундарын коргоо үчүн зарыл кадам болуп саналат.
"Эгер кайсы бир мамлекет АКШ менен адилеттүү соода жүргүзө албаса, анда ал анын кесепетин сезиши керек. Бажы төлөмдөрү — бул салык эмес, улуттук коопсуздукту жана өнөр жайдын кызыкчылыктарын коргоонун куралы",- деди АКШ президенти.
Ал соода тартыштыгын кыскартуу, өндүрүштү АКШга кайтаруу жана импортко көз карандылыкты азайтуу бул саясаттын негизги максаттары экенин баса белгиледи.
"АКШ узак мөөнөттүү соода күрөшүнө даяр жана базар же эл аралык экономикалык басым алдында артка чегинүүгө ниети жок",- деп билдирди Трамп.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















