Кытай АКШга каршы айрым соода чектөөлөрүн убактылуу токтотту
Бүгүндөн баштап Пекин АКШ менен соодадагы бир катар чектөөлөрдү токтотуу же жокко чыгаруу тууралуу чечимин ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бир нече күн мурун Кытайдын тиешелүү мекемелери экспорт жана импортко коюлган чектөөлөрдү бир жылга токтотуу же жокко чыгаруу тууралуу билдирүү жарыялашкан. Айрыкча, америкалык товарларга 24 пайыздык кошумча бажы төлөмү жокко чыгарылат, бирок 10 пайыздык кошумча бажы төлөмү сакталат. Мындан тышкары, 2025-жылдын март айында киргизилген АКШнын айыл чарба продукциясына 10 жана 15 пайыздык кошумча бажы төлөмдөрү токтотулат.
Кытайдын Каржы министрлиги билдиргендей, айрым эки тараптуу бажы төлөмдөрүнүн иштөөсүн убактылуу токтотуу Пекин менен Вашингтондун соода-экономикалык байланыштарын саламат, туруктуу жана тең салмактуу өнүктүрүүгө жардам берип, эки өлкөнүн элине пайда алып келет.
Ошондой эле, 8-ноябрда АКШ менен Кытай Европага Nexperia чиптерин кайрадан жеткирүүнү макулдашканы кабарланган. Бул чечим АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Түштүк Кореядагы жолугушуусунда кабыл алынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















