super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Токтомат Зулпуевдин 100 жылдык мааракеси Ноокат районунда белгиленди (фото)

 

Ноокат районунда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Токтомат Зулпуевдин 100 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Кыргыз Эл баатыры Миталип Мамытов, маркумдун туугандары, замандаштары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Конокторду кире бериштен төкмө акындар салтанаттуу тосуп алышты.

Андан соң улуттук маданиятты чагылдырган кол өнөрчүлүк буюмдары, үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик экспонаттары жана уз-чеберлердин иштеринен түзүлгөн көргөзмө көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында улуттук спорттук оюндар да уюштурулуп, катышуучулар жана коноктор ордо, алыш бел боо күрөшү жана салбуруун оюндарын көрүштү.

Мааракенин расмий бөлүгүндө Токтомат Зулпуевдин өмүр жолу жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, ал тууралуу театрлаштырылган сахналык композиция коюлду. Сөз сүйлөгөндөр Зулпуевдин эл үчүн кылган эмгегин жана жаш муундарга калтырган мурасын белгилешти.

Салтанат белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда чоң концерт менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: