Малиде жаран Тик-Токтогу билдирүүлөрү үчүн өлүм жазасына тартылды
Малинин түндүгүндө видеолорун TikTok социалдык тармагында жарыялаган Сиссе аттуу кыз уурдалып, коомдук жерде өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
"Менин карындашымды бейшемби күнү жихадчылар кармап кетишти. Алар аны Мали армиясына алардын жүрүштөрү тууралуу маалымат берип жаткан деп айыпташты",- деп айткан каза тапкан кыздын агасы.
Агасынын айтымында, эртеси күнү кыз Эркиндик аянтында атып өлтүрүлгөн.
Коопсуздук кызматынын өкүлү да кыздын Тонка аянтында жихадчылар тарабынан өлтүрүлгөнүн тастыктады.
Сиссе шаар турмушу тууралуу видеоблог жүргүзгөн жана анын каналына 90 миңден ашык адам жазылган.
Малидагы кагылышуу 2012-жылы башталган, ошол кезде туарегдер менен жихадчылар борбордук өкмөткө каршы көтөрүлүш жасап, өлкөнүн түндүгүндө автономия жана көз карандысыз мамлекет түзүүнү көздөшкөн. Франциянын операциясы жана БУУнун тынчтык миссиясы аймактын бир бөлүгүнө көзөмөлдү кайтарууга жардам берген, бирок зомбулук жана туруктуулукка байланыштуу көйгөйлөр уланып жатат. Бул кагылышуу гуманитардык кризиске алып келгени айтылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















