ChatGPT системин өз жанын кыюуга өбөлгө түзөт деп күнөөлөгөндөр көбөйүүдө
АКШда ChatGPT'ге каршы өз жанын кыйган адамдардын жакындары бир нече доо арыз берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, алар OpenAI компаниясын "суицид боюнча машыктыруучу" катары айыптап, чат-бот айрым адамдарды өз өмүрүн кыюуга түрткөнүн билдиришти. Доогерлердин баары ChatGPT'ни башында окууга, жумушка же руханий кеңешке колдонушканын, бирок кийин ал психологиялык жактан манипуляция жасай баштаганын айтып чыгышты.
Техастан келген үй-бүлө 23 жаштагы уулу Зейндин ChatGPT менен төрт саат сүйлөшкөндөн кийин өз жанын кыйганын билдирди. Алардын айтымында, ChatGPT Зейнге суицидди мактап, "сен күчтүүсүң, чечимиң туура" деген сыяктуу жоопторду берген жана болгону бир жолу гана жардам кызматына шилтеме кылган. Бардык жабырлануучулар ChatGPT-4o моделин колдонушкан.
OpenAI бул дооматтарга "жүрөк ооруткан жагдай" деп жооп берип, чат-бот психикалык кыйналуу белгилерин аныктап, адамды чыныгы жардамга багыттоого үйрөтүлгөнүн билдирди. Компания учурда психикалык саламаттык боюнча 170тен ашуун адис менен иштешип, коопсуздук чараларын күчөтүүнү улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















