Бишкекте өткөн Дүйнө биринчилигинде кыргызстандыктар 5 медаль утушту
Бишкек шаарында самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Турнир 3 күнгө созулду.
Бул биринчиликте кыргызстандык спортчуларда куру калган жок. 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло байге жеңишти.
Алсак, Бекболот Токтогонов (+98 килограмм) жана күжүрмөн самбодон Даниэл Асеков (58 килограмм) алтын утушту. Күжүрмөн самбодон Элхан Орозалиев (79 килограмм) күмүш байге алса, Акак Үсөн кызы (54 килограмм), Мээримай Нурадилова (80) коло медаль тагынышты.
Айта кетсек, Дүйнө биринчилигинде спорттук самбо, күжүрмөн самбо жана көзү азиздер үчүн самбо боюнча жалпы 31 медаль топтому ойнотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















