АКШ шатдаунга байланыштуу НАТО союздаштарына курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтотту
АКШнын администрациясы Украинага жана НАТО союздаштарына жеткириле турган америкалык курал-жарактын айрым бөлүктөрүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Axios агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, шатдаун союздаштарга жана америкалык өнөр жайга зыян келтирип, маанилүү курал-жарактын жеткирүү процессин кыйындатууда. Алардын арасында Дания, Хорватия жана Польшага жеткирилиши керек болгон AMRAAM ракеталары, Aegis жана HIMARS согуштук системдери бар.
Басылма процесстин жайлашынын себеби катары Конгресске кабар берүү жана келишимдерди расмий документке түшүрүү менен алектенген көптөгөн кызматкерлердин жумуштан кетиши менен түшүндүрүүдө. Өткөн айда негизги бөлүмдүн кызматкерлеринин саны 25 пайызга кыскарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















