Бишкек мэриясы дагы 95 жаңы автобус сатып алды
Бишкек мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында 95 заманбап автобус сатып алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобустардын бардыгы заводдон чыгып, Бишкекке келе жатат.
"Жаңы автобустардын жеткирилиши борбор калаанын коомдук транспорт системасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болот. Жаңы автобустар шаар тургундарына ыңгайлуу, коопсуз жана экологиялык жактан таза транспорт менен камсыз кылуу менен бирге энергияны үнөмдөөнү жана ыңгайлуулукту жогорулатат.
Бул долбоор шаардын транспорт инфраструктурасын жакшыртууга, зыяндуу чыгарууларды азайтууга жана заманбап, туруктуу транспорт системасын түзүүгө багытталган.
Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы борбор калаада өзүнүн автопаркын жаңыртууга жана коопсуз, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза коомдук транспортту өнүктүрүүгө багытталган "Жашыл шаар" программасын ишке ашырууну улантууда" ,-деп берилет маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















