2026-жылы Орозо айт Нооруз майрамына туш келиши мүмкүн
2026-жылы Орозо айт майрамы 21-мартта белгиленчү Нооруз майрамына туш келиши мүмкүн. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы 2026-жылга карата расмий диний календарын жарыялады. Анда көрсөтүлгөндөй, Рамазан айы 19-февралдан башталат, Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Ал эми Орозо айт 20-мартка туш келиши мүмкүн.
Ошондой эле Курман айт 2026-жылы 27-29-майга белгиленген.
"Хижра айларынын башталышы эл аралык астрономиялык изилдөө борборлорунун маалыматтарына таянып аныкталган. Фатва адистери диний майрамдардын так даталары жаңы айдын көрүнүшүнө жараша бир күнгө артка же алдыга жылышы мүмкүн экенин эскертишет",- деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы маалымат бере элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















