super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы: "Көк бөрү боюнча бизге тең келе турган команда жок..." 

 

Көк бөрү боюнча бизге тең келе турган команда жок экенин жигиттерибиз далилдеп келишет. Мындай пикир министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктоосунда айтылат.

Касымалиевдин куттуктоо сөзүн өкмөттүн маалымат кызматы жарыялады.

"Силерди – калкыбыздын 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандарын Жаштар күнү менен куттуктайм! Силердин эмгек өлкөбүздүн келечегин гана эмес, учурдагы абалын да аныктайт. Толкуган күч, тоодой үмүт силерде.

Силердин учурдагы аракетиңерди, демилгеңерди жана жетишкен ийгиликтерди кубануу менен кабыл алабыз. 2023-2030-жылдардагы жаштарды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы иш-чаралар жаштардын демилгеси, таланты менен айкалышып билим алуу, жумушка орношуу жана коомдук турмушка катышуу боюнча жакшы жылыштар, ийгиликтер болуп жатат.

Кыргызстан жаштары өлкөбүздүн окуу жайларында окуу менен чектелбестен ондогон студенттер Гарвард, Йель, Принстон, МИТ университеттеринде жана алдыңкы Европа университеттеринде билим алып жатышат. Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жай куруу абдан жогору темп менен жүрүп, турак жай жаштар үчүн жеткиликтүү боло баштады.

Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп жигердүү аракеттердин натыйжасында IT тармагында, ошондой эле курулушта, өнөр жайында, айыл чарбасында жана туризмде көптөгөн жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Кыргызстан жаштары эл аралык спорттук жана интеллектуалдык мелдештерде жүрөк кубандырган ийгиликтерге жетишип, элибизде билектин күчү да, билимдин күчү да жогорку деңгээлде экенин далилдешти. Күрөш спорту боюнча дүйнөдө алдыңкы позицияга чыктык, ал эми көк бөрү боюнча бизге тең келе турган команда жок экенин жигиттерибиз далилдеп келишет.

Биздин интеллектуалдар математика, физика, информатика жана дебат боюнча олимпиадаларда көптөгөн жеңиштерге жеткени азыркы технотрон доорунда биздин жаштар техника жана технологияны өздөштүрүү менен чектелбестен алардын жаңы моделдерин жаратууга, экономиканын түзүмүн өзгөртө турган жаңылыктарды ачууга жөндөмдүү экенинен кабар берет.

Белгиленген жетишкендиктер албетте силердин потенциалды толук чагылдыра албайт. Силердин потенциалдын да, аткара турган иштердин да чети гана оюлууда. Алдыда элибиз аша турган нечен ашуулар, кече турган кечүүлөр бар. Биз экономикада кайра жаралуу процессин алга жылдырып жатабыз жана ушул темпти жоготпой, кайра күчөтүп, индустриализация этабынан постиндустриализация этабына өтүү менен ак илбирстин арышын арымдатуубуз зарыл.

“Ар бир адам өз бактысынын устасы” экенин түшүнүү менен ар бир жаш адам кесипти туура тандап алып, чебер адис жана ар тараптан өнүккөн инсан болсо, ал өзүнүн туугандары, үй-бүлөсүнүн гана тиреги болбостон элинин, мекенинин тирегине айланат.

Толкуган күч, тоодой үмүт силерде, Кыргызстан жаштары. Силерге бакты-таалай, жаркын маанай, албан-албан ийгиликтерди каалайм",- деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: