Түштүк Кореянын мурунку президенти Түндүк Кореяга жардам көрсөткөн деп айыпталууда
Түштүк Кореянын мурунку президенти Юн Сок Ёлго кошумча айыптар тагылды. Ага Түндүк Кореяга көмөктөшүү айыптары тагылганын "Рёнхап" агенттиги кабарлады.
Тергөө маалыматтарына ылайык, экс-президент өткөн жылдын октябрь айында Пхеньянга дрон менен сокку урууну буйрук кылган, муну менен Түндүк Кореяны аскердик аракетке үндөп, аскерий абал киргизүүгө себеп түзүп бергени айтылат. Учкан дрон Пхеньян аймагына кулап түшкөн, ал эми прокуратуранын айтымында, бул аскерий сырдын ачыкка чыгышына алып келген.
"Рёнхап" агенттиги белгилегендей, Түндүк Кореяга көмөктөшүү боюнча айыптоо үчүн кошуна мамлекет менен макулдашуу фактылары талап кылынбайт. Бул беренени өлкөнүн аскерий кызыкчылыктарына зыян келтирген ар кандай учурларда колдонсо болот. Ошондой эле бүгүн мурунку коргоо министри Ким Ён Хён жана Куралдуу күчтөрдүн контрчалгын башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ё Ин Хён да ушул айып менен айыпталды.
Юн Сок Ёль былтыр, 3-декабрда, аскердик абал жарыялоо үчүн армияга парламентти көзөмөлгө алуу буйругун берген. Бул аракет ийгиликсиз болуп, өлкөдө чоң саясий кризис жаралган. 14-декабрда парламент Юнга импичмент жарыялап, 15-январда ал камакка алынган. Ал эми 4-апрелде Конституциялык сот импичментти күчүндө калтырган соң, мөөнөтсүз президенттик шайлоо дайындалган.
Мындан тышкары, айыптоолор экс-президент Юн Сок Ёлдун жубайы Ким Гон Хиге да тагылган. Айыптоо корутундусу аны алдын ала камакта кармоо мөөнөтү аяктаардан эки күн мурун жарыяланган, бул анын камакта кармалуусун дагы 6 айга чейин узартууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин, 12-августта Ким Гон Хини камакка алуу ордери берилген. Ал Түштүк Кореядагы BMW автоунаа дилери менен байланышкан акция алдамчылыгына байланыштуу шектелип жатат. Ким Гон Хи 2008–2012-жылдар аралыгында акция баасын жасалма жогорулатып, 800 миллион вон (болжол менен 578 миң доллар) пайда тапкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















