super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

CNN: Трамп Ак үйдө өтүп жаткан иш-чарада уктап калган

 

Социалдык тармактарда АКШ президенти Дональд Трамптын Ак үйдөгү жолугушуунун жүрүшүндө көзүн жумуп отурган кадрлар тарады. Бул CNN жазды.

Макалада айтылгандай, видеонун айрым кадрларында Трамп көзүн жумуп жаткандай көрүнөт.

Бул кадрлар дароо эле сынга алынган. Мисалы, Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсомдун басма сөз кызматы да бул окуя боюнча билдирүү жасап, "Уктап жаткан Дон кайтып келди" деген жазуу менен сүрөтүн жарыялаган.

Ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлү Тейлор Роджерс CNNге президент уктабаганын, ал бардык иш-чара бою сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп бергенин билдирген.

Телеканал белгилегендей, Трамптын ден соолугу тууралуу суроолор анын кызматка киришкен күнүнөн бери токтобой келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: