"Мен Porsche унаасын алгым келген". Жигитинин белекке берген унаасы кызга жакпай калган
Социалдык тармактарда "Рахмат, бирок мен Porsche унаасын алгым келген" деген кыздын видеосу тарады.
Маалыматка ылайык, жигит сүйлөшкөн кызына жаңы Zeekr үлгүсүндөгү электромобилин белек кылган. Бирок кыз унааны жактырбай, аны айдабай турганын айтып, сатууну айткан. Ал Porsche унаасын алгысы келгенин айтып, белекке нааразы болгон. Ошондой эле "сен мени сыйлабайсың" деген. Ал эми жигит унаанын жакшы экенин айтып кызды көндүрүүгө аракет кылган.
Бул жагдай көптөгөн адамдардын кыжырын кайнатты. Комментарийлерде "мындай белекти баалабай коюуга болбойт" деп жазышкан. Кээ бирлери болсо кызды колдоп, "өзүнүн эмне каалаганын айта ала турган кыз экен" деп суктанышкан.
Видео миңдеген көрүүлөрдү чогултуп, эң көп талкууланган видеолорунун бирине айланды.
"Мен Porsche унаасын белекке алгым келген". Жигитинин белекке берген унаасы кызга жакпай калган
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















