Трамп тарифтердин аркасында америкалыктарга 2000 доллар төлөп берүүнү убады кылды
АКШнын президенти Дональд Трамп импорттук бажы төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден ар бир америкалыкка кеминде 2000 доллар төлөп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу Трамп өзүнүн TruthSocial социалдык баракчасына жазган.
Анда АКШнын лидери бул төлөмдөр кирешеси өтө жогору болгондорго тиешелүү эмес экенин билдирген.
"Бажы төлөмдөрүнө каршы чыккандар акмактар! Азыр биз дүйнөдөгү эң бай жана барктуу өлкөбүз. Инфляция дээрлик нөлгө түшүп, фондулук базардагы акциялардын баасы тарыхта болуп көрбөгөндөй жогору болууда. Элдин пенсиялык эсептериндеги каражаттар да эң жогорку деңгээлге жетти. Биз триллиондогон доллар киреше алып жатабыз жана жакында 37 триллион долларлык чоң карызыбызды төлөп баштайбыз. АКШга болгон инвестициялар рекорддук деңгээлде, заводдор менен фабрикалар өлкөнүн ар бурчунда курулуп жатат. Ар бир жаранга (жогорку кирешелүүлөрдү эсепке албаганда) кеминде 2 миң доллар төлөнөт", - деп жазган ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















