super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Көмүр саткандар канча пайда табышат? 

 

Көмүр саткан жеке тараптар элдин чөнтөгүнө күч келтирүүдө. Бул тууралуу "Ала-Тоо" телеканалы даярдаган материалда айтылат.

Анда "Кыргыз көмүр" ишканасы алардын пайдасын эсептеп чыкканы көрсөтүлгөн. Анда 27 тонна жүк көтөргөн жүк ташуучу унаа мисал катары көрсөтүлгөн. Кара-Кече кенинде көмүрдүн тоннасы 2460 сомдон сатылат. Эгер жеке тараптар 27 тонна көмүрдү ал жактан алып чыгып, мамлекет бекиткен 6600 сомдон сатышса, анда алар күйүүчү май жана адоочуга кеткен чыгымды алып салганда 66 миң 780 сом пайда көрүшөт. Бирок алар тоннасын 7500 сомдон сатышып, 91 миң 080 сом пайда көрүп жатышканы айтылат.

Материалда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкери жарандар мамлекет бекиткен баадан жогору сатылган фактыларга күбө болсо арыз жазышы керектигин айтат.

Буга чейин кенге жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгени маалым болду.







Көмүр саткандар канча пайда табышат?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: