Нарын – Орук-Там жолу жазга чейин жабылды
Нарын – Орук-Там жолу жазга чейин жабылды. Тийиштүү буйрук Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чыгарылды.
Ага ылайык, кыймыл Эки-Нарын айылындагы 50-чакырымдан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымга чейин убактылуу токтотулат. Чектөө 2026-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот.
Мындай чечим алдыдагы кыш мезгилинде аба ырайынын жана жол шартынын катаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогондугуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында кабыл алынды.
Ошондой эле Чет-Нура жана Дөбөлү айыл өкмөт башчыларына элге жолдун жабылышы тууралуу маалымат жеткирүү тапшырылды. Ал эми №8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол каттамы ачылганга чейин атайын жол белгилерди орнотуу, жолдун кооптуу аймактарын көзөмөлгө алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо милдеттендирилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















