Ошто "Жибек” бала бакчасынын жаңы имараты ишке берилди
Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан №1 “Жибек” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имараты ишке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ата-энелер жана бала бакчанын жамааты катышты. Мэр бала бакчага интерактивдүү доска тапшырып, Ошто балдар бакчасын куруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын бегиледи.
Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуулуктар менен камсыздалган. Аянтчанын аймагында балдар ойноочу аянтча жана эс алуучу жайлар да каралган.
Бул мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эски корпусунун курулганына бир кылым убакыт болгон. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов да ушул бала бакчадан тарбияланган. Бала бакчанын абалы менен мэр Жеңишбек Токторбаев рейд учурунда таанышып чыгып, жаңы корпус куруу тапшырмасын берген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















