СNN: Кытай акыркы беш жылда ракеталардын өндүрүшүн көбөйттү
Кытай беш жыл ичинде ракеталардын өндүрүшүн көбөйттү. Бул тууралуу CNN басылмасы жазды.
Маалым болгондой, CNN аналитиктери спутниктен тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, бул көрүнүштү "өзгөчө тарыхый жана шашылыш өнүгүү тенденциясы" катары мүнөздөшкөн. Алардын баамында, спутниктен алынган сүрөттөр жаңы ракеталарды чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүнүн ыкчам өнүгүп жатканын көрсөтүп турат.
Кытай аймагынан ракеталарды өндүрүү же ракеталык аскер күчтөрүнө байланыштуу 136 объект табылган, алар өлкөнүн өзөктүк арсеналын көзөмөлдөгөн түзүмдөргө тиешелүү.
Эксперттердин баалоосуна ылайык, бул объекттердин 60 пайыздан ашыгы акыркы жылдары кеңейип жатат. 2020-жылдын башынан 2025-жылдын ноябрына чейинки мезгилде мындай заводдордун, илимий-изилдөө жана сыноо борборлорунун жалпы аянты 2 миллион чарчы чакырымга көбөйгөн. Ал жерлерде жаңы мунаралар, бункерлер жана жасалма дөбөлөр курулган. Айрым объекттер мурда айыл чарба жерлеринде же чакан кыштактардын ордунда пайда болгон.
Басылма спутниктен тартылган сүрөттөрдө ракетанын бөлүктөрүн да көрүүгө болорун белгиледи.
"Биз азыр жаңы курал-жарак жарышуунун башталгыч баскычында турабыз, ал эми Кытай буга чейин эле марафонго даярданып жатат",- деген CNN'ге берген маегинде НАТОнун мурдагы куралдарды көзөмөлдөө боюнча директору Уильям Альберк.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















