Кеминдеги стадиондун эскиздик долбоору иштелип чыкты
Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Бул ирет архитекторлор Кемин районунун Кемин шаарындагы Победа көчөсүндө жайгашкан стадионду реконструкциялоо максатындагы эскиздик долбоорун даярдашты. Стадиондун жалпы аянты 3,8 гектар. Долбоорго ылайык, футбол талаасы, чуркоо жолдору, баскетбол жана кичи футбол аянтчалары, көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу трибуналар, жашыл аймак жана унаа токтотуучу жай каралган.
Бул спорт аянтчасы аймактагы жаштардын спорт менен машыгуусуна, калктын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана шаар инфраструктурасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















