Таиланд менен Малайзиянын чек арасында мигранттар түшкөн кеме чөгүп кетти
Таиланд менен Малайзиянын чек арасына жакын жерде болжол менен ичинде 70 мигрант болгон кеме деңизге чөгүп кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 13 адам тирүү табылып, 11 адамдын сөөгү чыгарылган, алардын арасында эки бала бар экени айтылууда. Эки өлкөнүн бийлиги учурда дагы бир кемени издеп жатышат, анда 230га жакын мигрант болгон.
Мигранттар Мьянмадагы рохинжа жамаатына таандык, бул этникалык топ Ракхайн штатында жашайт. 2012-жылдагы маалымат боюнча, Мьянмада 800 миңге жакын рохинжа болгон, бирок алардын көпчүлүгү азыр Бангладештеги качкындар лагерлеринде же Таиланд чек арасындагы айылдарда жашап жатышат.
Мьянма бийлиги бул элдин "рохинжа" деген аталышын тааныбайт, расмий түрдө аларды бенгалдыктар деп эсептейт. 1948-жылы Бирма (азыркы Мьянма) көз карандысыздык алгандан бери Ракхайн провинциясында диний негиздеги сепаратисттик маанай күчөп келген. Учурда бул аймакта аскерлер атайын операцияларды жүргүзүп турушат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















