"Жеңишбектей баатырлар..." Оштогу бала бакчада мэрге ыр айтылды
Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарындагы “Жибек” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имараты ишке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда ачылыш иш-чарасына келген калаа мэри Жеңишбек Токторбаевге бала бакчада тарбияланып жаткан кичинекей жеткинчектер ыр арнашты.
"Токторбаев агабыз,
Сизге рахмат айтабыз.
Сиздей башчы бар үчүн,
Гүлдөп жатат шаарыбыз",- деди кичинекейлердин бири.
Дагы бири: "Айтматовдой чыгаандар,
Чыккан биздин бакчадан.
Кылым жаша жаңырып,
Жашоо берип жаңыдан.
Жеңишбектей баатырлар,
Чыксын биздин бакчадан",- дейт.
Бул Жеңишбек Токторбаевге арналган алгачкы ыр эмес. Буга чейин да бир нече жолу мэрге карата ырлар айтылган.
"Жеңишбектей баатырлар..." Ошто жаңы аачылган бала бакчада мэрге ыр айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















