Шайлоо-2025: Кимдерге талапкерлердин соцтармактагы билдирүүлөрүнө "лайк" басууга тыюу салынат?
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиодо" маек берип жатып, талапкерлердин социалдык медиадагы постторуна кимдердин "лайк" басуусуна тыюу салынганы тууралуу айтып берди.
Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле мамлекетке таандык акциялардын 30 пайыздан ашыгы бар уюмдардын кызматкерлерине социалдык медиада талапкерлерди колдогон реакцияларды калтырууга же пост жазууга тыюу салынганын билдирди.
"Айрыкча, мамлекеттик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мындай кылбашы керек. 30-ноябрда шайлоо тилкесине барып, өз талапкериңизге добуш бериңиз",- деди Узарбек Жылкыбаев.
Эскерте кетсек, бүгүндөн тартып парламенттик шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий түрдө башталды. Бул мөөнөт 20 күнгө созулат — 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин. Ал эми шайлоо 30-ноябрда болот.
Шайлоо: Кимдерге талапкерлердин социалдык медиа билдирүүлөрүнө "лайк" басууга тыюу салынат?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















