Японияда 6,8 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами болду
Япониянын Иватэ префектурасынын жээгинде 6,8 баллдык жер титирөөдөн кийин өлкөнүн түндүк-чыгышында цунами байкалган. Япониянын метеорологиялык агенттиги цунами коркунучуна байланыштуу Иватэ жээгиндеги калкка эвакуациялоо чакырыгын жасаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Кужи жана Офунато шаарларында 20 сантиметрге, Мияко жана Камаиши шаарларында 10 сантиметрге жеткен цунами толкундары катталган. Жер титирөө айрым аймактарда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келип, айрым тез жүрүүчү поезд каттамдары убактылуу токтотулган.
Кийинчерээк цунами боюнча эскертүү жана эвакуация буйруктары алынганы, жер титирөөдөн улам жаракат же материалдык зыян катталбаганы маалымдалды. АКШнын Геологиялык изилдөө кызматы жер титирөөнүн борбору Ямада аймагынан 126 чакырым чыгышта жайгашканын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















