Шайлоочуларды сатып алгандар шайлоодон дароо четтетилишет
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге шайлоочуларды сатып алгандыгы үчүн эскертүү берилбейт, дароо эле шайлоодон четтетилет. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин биринчи жолу бузгандыгы үчүн айып пул салынат.
"Экинчи эреже бузуу - бул эскертүү. Эгерде талапкер эки жолу эскертүү алса, Борбордук шайлоо комиссиясы алардын каттоосун жокко чыгарып, шайлоодон четтете алат",- деди Узарбек Жылкыбаев.
Ал үгүтчүлөр үгүт иштеринин жана жалаа жабуунун аныктамаларын так түшүнүшү керек деп кошумчалады.
"Жалаа жабууга тыюу салынат. Бир талапкер буга чейин эле маалымат каражаттарына жалаа жабылганын айтып арыз менен кайрылган. Биз иликтейбиз, балким, укук коргоо органдары да бул маселени колго алышат",- деп белгиледи БШКнын мүчөсү.
Айта кетсек, үгүт иштери бүгүн, 10-ноябрда расмий түрдө башталды.
Шайлоочуларды сатып алгандар шайлоодон дароо четтетилет
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















