Тышкы иштер министри Кулубаев Япониянын элчисин кабыл алды
Бүгүн, 10-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкини анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.Министр элчи Годанын эки өлкө ортосундагы ишенимге жана урматтоого негизделген мамилелерди өнүктүрүүдөгү эмгегин белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда япон тарапка көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам жана социалдык-экономикалык долбоорлорго колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык айтылды.
Өз кезегинде элчи Года Хидэки эки өлкө ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделе берет деген ишенимин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















