super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Касымалиев шайлоого байланыштуу КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басарын кабал алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Шайлоодо эл аралык байкоочу катары КМШ байкоочуларынын миссиясы аккредитацияланган, анын башчысы Петришенко.

Касымалиев өлкө президенти – шайлоого ар кандай кийлигишүүнү болтурбай турган эркин, ачык жана таза шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча бардык мамлекеттик органдардын алдына так милдетти койгонун айтып, буга байланыштуу Кыргызстан эки тараптуу да, ошондой эле беделдүү эл аралык уюмдар аркылуу да эл аралык байкоочулардын кеңири өкүлчүлүгүн өлкөгө чакырганын билдирди.

Өз кезегинде Петришенко, КМШ миссиясы Кыргызстанда алдыдагы шайлоодо байкоо жүргүзүүдөгү иш алып баруусу тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: