Шайлоо-2025. Эмгек министрлиги жашы жете электер боюнча эскертүү берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын укуктарын коргоо максатында, өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдү сүрөткө жана видеого тартууда мыйзамдарды так сактоону эскертет.
Мыйзамдарга ылайык, өспүрүмдөрдү тартуу ата-эне, асырап алуучу же камкорчулардын жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлүшү керек. Бул эрежелер балдардын жеке жана мүлктүк укуктарын коргоп, алардын образын саясий, коммерциялык же башка максатта уруксатсыз колдонууга жол бербөө үчүн киргизилген.
Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча үгүт башталганына байланыштуу, министрлик бардык талапкерлерди, саясий партияларды, маалымат каражаттарын жана үгүт жүргүзгөн уюмдарды балдардын катышуусундагы материалдарды чагылдырууда жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу мамиле кылууга чакырат.
Өспүрүмдөрдүн сүрөттөрү же катышуусу мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугу менен гана жана укуктук, этикалык нормаларга ылайык колдонулушу мүмкүн. Эрежелерди бузган учурда мыйзамдык жоопкерчилик каралган.
Министрлик балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга бардык тараптарды чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















