Президент өлкөдө миңдеген жумуш орундары түзүлгөнүн айтты
Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө миңдеген жумуш орундары түзүлгөнүн айтты. Мамлекет башчысынын сөзүн президенттин администрациясы жарыялады.
Садыр Жапаров форумда 2 жыл мурун жаштар менен жолугушууда берген убадалары аткарылып жатканын белгилеген.
"Эки жыл мурун: “Эң негизги маселе – жаңы жумуш орундарын түзүү жана арзан турак жайларды куруу – Кыргызстандын жаштарын эң көп түйшөлткөн көйгөйлөр мына ушулар" дедим эле. Бул сөзүмдүн өтөөсүнө чыгуу боюнча, буюрса, жигердүү иштер жүрүп жатат. Былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча жүздөн ашык ишкана ишке берилди.
Мына, быйыл да жүздөн ашуун ишкана ачып, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жетиштик. Бул процесс мындан ары да улана бермекчи.
Ал эми арзан турак-жай туурасында сөз кыла турган болсок, акыркы эки жылдын ичинде ипотекалык жол менен 5 миңге жакын батирди ээлерине тапшырдык. Ондогон жылдар бою батирлеп жүргөн миңдеген жарандарыбыз четинен үйлүү боло башташты.
Жаштардын үйлүү болуусу – бул жөн гана социалдык маселе эмес, бул ар бир үй-бүлөнүн туруктуулугун, келечекке ишенимин бекемдеген мамлекеттик саясат. Ошондуктан Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча 70 миңден ашык батирлүү кабат үйлөрдү куруп жатат.
Бул Кыргызстан тарыхында болуп көрбөгөн масштабдагы программа! Биздин максат – ар бир кыргызстандык өз жеринде, өз үйүндө бакубат турмушта жашоосуна кам көрүү болуп саналат",- деген мамлекет башчысы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















