super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров өлкө күндөн, шамалдан энергия алууга багыт алганын билдирди

 

Мурда суудан эле электр кубатын алып келген болсок, азыр күндөн, шамалдан энергия алууга багыт алдык. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

"Энергетикага болгон муктаждык бүгүн эле жарала калган маселе эмес. Бул – буга чейинки баш аламан башкаруунун кесепети. Жыл сайын бир катар ГЭСтер курулуп, ири ГЭСибиз реконструкциялоодон өтсө дагы энергияга болгон тартыштыкты жаба албай келебиз.

Айрыкча, жыл сайын жүздөгөн социалдык обьекттер: ири курулуштар, өндүрүштүк ишканалар салынып, энергосектор мындай өнүгүүнүн темпин кууп жете албай жатат.

Бирок алдыдагы 2-3 жылдын аралыгында электр энергиясына болгон муктаждыкты толук жоюп, ал турсун экспорттой турган өлкөгө айлантууга аракеттенип жатабыз. Жакынкы жылдары бул багытта ири долбоорлор ишке ашканы турат",- деген мамлекет башчысы бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Садыр Жапаров буга чейин да социалдык тармактагы баракчасына электр энергиясындагы абал тууралуу пост жазып, өлкө 2 жылдан кийин аталган көйгөйдөн кутуларын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: