Президент кыялындагы өлкөнү куруу үчүн жаштардан көмөк сурады
Өлкө башчысы Садыр Жапаров кыялындагы өлкөнү куруу үчүн жаштардын көмөгү керектигин билдирди. Президент бул үчүн 4 багытты атап, жаштарды ага жигердүү катышууга чакырды.
"Менин эң башкы милдетим – кыялымдагы Кыргызстанды – өнүгүп-өскөн, эли бакубат жашаган, эч кимге көз каранды болбогон, уул-кыздарыбыз улутубуздун намысын бийик көтөргөн өлкөнү куруу! Бул менин, же менин командамдын гана ой-максаты болбоого тийиш.
Бул бүтүндөй кыргыз элинин, айрыкча, өсүп келаткан муундун, жаштардын аруу тилеги болушу абзел! Ага силердин жаштык жигериңер, тоону томкоро турган кайрат-күчүңөр, артка кайтпас демиңер аба-суудай керек экенин туюп-билип турушуңар керек. Өлкө башчысы катары, мен силердин кыялымдагы Кыргызстанды курууга салым кошоруңарга терең ишенем!"- деди мамлекет башчысы Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө.
Садыр Жапаров биринчи багыт билим алуу экенин белгилеп, жаштарды билим алуудан артта калбоого үндөдү. Андан ары үч багыт боюнча да кенен токтолду.
"Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын жаңы заман талабына ылайык келгендей өзгөртүүнүн аракетиндебиз. Биздин максат – жаштардын дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл буруудабыз. Илимий изилдөөлөрдү өндүрүш менен тыгыз айкалыштырып, иш жүргүзүү талаптары катуу коюлууда...
Экинчиси – улуттук биримдик жана өз ара ынтымак. 2024-жылдын 18-декабрында "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун кабыл алдык. Андан кабарыңыздар бар. "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөн гана документ эмес, ал – улутубуздун тилин, маданиятын жана биримдигин өнүктүрүүнүн руханий багытын көрсөтүп турган жол карта. Кыскача айтканда, улуттук нарк-насилибизди сактап, улуттук баалуулуктарыбызга таянып, дүйнөлүк бийиктиктерди бардык тараптан багындыруу болуп саналат.
Ааламдашуунун ээ-жаа бербеген агымында улуттук уңгубузду унутуп, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибизден тайып, адашып калбайлы, жаштар. Заманга жараша коомдо, виртуалдык дүйнөдө, социалдык тармактарда жүрүм-турумубузга, сүйлөгөн сөзүбүз менен кылган мамилебизге этият мамиле болушу кажет.
Дал мына ушул ыңгайда жаштардын дем-күчү, Мекенди сүйүүгө болгон ынтызарлыгы, биримдиги менен ынтымагы олуттуу роль ойной турганын эсиңиздерден чыгарбасаңыздар.
Үчүнчүсү – кыргыз экономикасындагы ак илбирс секириги.
Биз, сиздер жакшы билгендей, 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын кабыл алганбыз. Анын алкагында алдыбызга өтө чоң дымактуу максаттарды койдук. Өлкөнү индустриялаштыруу, атаандаштыкка туруктуу продукцияларды экспорттоо, Кыргызстандын Кытай, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер, Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосуна транзиттик аянтча, логистикалык түйүн болушуна жетишүү. Ошондой эле айыл чарбасы, туризм, жашыл энергетика – алдыга койгон негизги максаттарыбыздын бири.
Урматтуу достор, аталган Программанын алкагында 2030-жылга карата ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүн кеминде 30 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү, өлкөнүн алдынкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү сыяктуу чоң максаттарды билими терең, жигердүү, силердей активист жаштар менен бирге ишке ашырабыз деп ишенип турам.
Төртүнчүсү – экология, курчап турган чөйрөнү коргоо, ажайып табиятыбызды көздүн карегиндей сактоо.
Силер жаштар, виртуалдык дүйнөдө эле жашай бере албастыгыбызды жакшы түшүнүшүңөр керек. Биз баарыбыз жаратылыштын бир бөлүгүбүз. Демек, ага аяр мамиле кылбасак, анын кесепети катуу тиет. Мөңгүлөр эрип, суулар азайып, кургакчылык каптап, таза жана сугат сууларынын тартыштыгы көбөйгөнүн көрүп-билип жатасыздар. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, ажайып кооз жаратылышыбызды коргоо, улам кийинки муунга таза табиятты, ага карата болгон улуттук баалуулуктарыбызды өткөрүп берүү ар бириңердин аң сезимиңерде кыттай уюп турушу шарт",- деп кошумчалады өлкө башчысы.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















