Корумду-Балбай жолунун 78 чакырымы асфальтталды
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай тилкесинде бир катар жол иштери аяктап калды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ушул жылдын курулуш мезгилинде 78 чакырым асфальттын алдыңкы катмары жана 20 чакырым асфальттын үстүнкү катмары тɵшɵлдү.
Жердин негизин даярдоо, суу ɵткɵрүүчү түтүктɵрдү орнотуу жана 16 кɵпүрɵнүн курулушу 90 пайызга аяктады. Учурда веложолдорду куруу, жол жээгин бекемдɵɵ иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, учурдагы автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тосулат. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат.
Корумду-Балбай жолунун 78 чакырым жолу асфальтталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















