Садыр Жапаров Бишкекте жаңы ачылган аренага "Жаштык" деген аталыш ыйгарды
Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Аталган форум Бишкекте жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы салынган кичи аренасында өттү. Аренанын ачылышы да бүгүн болду. Мамлекет башчы кичи аренага "Жаштык" деген аталышты берди.
"Бүгүн биз ачылышын жасап, форум өткөрүп жаткан жаркыраган жаңы имарат жөн гана арена эмес. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасы эл аралык стандарттарга ылайык курулган, көп функциялуу, универсалдуу жай болуп саналат. Бул жерде спорттук иш-чараларды эле эмес, эл аралык деңгээлдеги турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды да өткөрүүгө шарттар түзүлгөн.
Учурдан пайдаланып, мына ушундай заманбап жайды куруп берген Бишкек шаарынын мэриясына, демөөрчүлөргө, бардык куруучуларга жана архитекторлорго ыраазычылык билдирем. Арена бүгүнтөн тартып борбор калаабыздын спорттук жана маданий борборуна айланат. Бирок, эң башкысы, бул жай силер үчүн, жаштар үчүн курулду! Бул аренанын чыныгы ээси, анын деми, анын жашоосу – жаштар, силерсиңер!
Кезинде даңазалуу каганат, улуу дөөлөттөрдү курган, кылымдарды карыткан бай тарыхы бар, миңдеген жылдык тарыхында кыл чайнашкан кыйын кезеңдерден кылычтай суурулуп чыгып келген кыргыз элинин таянаар тоосу, сүйөнөөр зоосу жаштар экенин эсиңерден чыгарбагыла.
Мына ошондуктан, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө чоң жоопкерчилик менен белсенип кирише турган, жаркын Кыргызстанды куруучулары дал ушул силерсиңер деп баса белгилеп айтаар элем. Учурда жаштар кайсы иш менен алектенбесин, ар бири өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө, элибиздин өсүп-өнүгүшүнө чын ниети менен салым кошууга далалат кылып жатканын жакшы билем.
Бизди алдыга сүрөгөн күч – элдин биримдиги, коомдун ынтымагы жана жаштардын жаратман деми. Жаштарыбыздын билими, акылы, кайрат-күчү, намысы менен биз сөзсүз адилеттүү, күчтүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды, “Кыялымдагы Кыргызстанга” курууга жетерибизге бекем ишенем! Ошондуктан жаңы курулган бул аренаны мен “Жаштык” аренасы деп атоону чечтим!
Кыргызстандын намыска бек жаштары ар дайым бар болсун! “Жаштык” аренасы акжолтой болсун! Кут болсун! Жаштарга узак жылдар бою кызмат кылып тура берсин!"- деген Садыр Жапаров.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















