super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнүн билдирди

 

Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө жарандарды кезексиз парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Президент мамлекет тарабынан шайлоону адилеттүү өткөрүү үчүн тийиштүү иштер аткарылганын, эми эл таза тандоо кылышы керектигин айтты.

"Өзүңөргө жакшы маалым, буга чейинки саясий тоз-тополоң, митингдер жалаң ушул шайлоолордон улам чыгып келген. Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, добуштарды каратып туруп эле сатып алуу, "карусель" уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз кылбоо көндүм эле көрүнүш болчу.

Азыр эми андай болбойт, ага биз чекит койдук! Шайлоо тилкелеринин баарын электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык, бир киши бир гана жолу добуш бере алат, ал ачык көрүнүп турат. Добуш сатып алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу дегенди тыкыр көзөмөлгө алып жатабыз. Ар бир шайлоочунун укугу корголо турган шарттарды түзүп бердик.

Мамлекет тарабынан жасала турган иштердин бардыгын жасадык. Эми шайлоочулар абийирин таза кармап, ар-намысына келиши зарыл. Өз добушун арзыбаган тыйынга сатып, кийин бармагын тиштеп жүрбөшү керек. Тилекке каршы, "Кой аксагы менен миң" дегендей, андайлар да чыгат. Бирок жаштар, Кыргызстандын келечеги үчүн андай жолго барбашыңарды өтүнөм!

Акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын көрүп жатабыз. Жыйырма күндөн кийин, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланат. Шайлоого баруу – бул жарандык милдет, Мекен алдындагы жоопкерчилик! Ушуну унутпаңыздар. Бул ирет жаштар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына татыктуу депутаттардын келиши үчүн, дагы беш жылдык келечегибиз үчүн туура тандоо жасап, өз тагдырын өзү чечкен муун катары тарыхка кирет деп бекем ишенем!"- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: