super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тоңдо ак топоздордун саны 300дөн ашты 

 

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда ак топоздордун саны 300 баштан ашты. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фермерлер ак топоздорду эт багытында союшпайт. Аталган жаныбарлар жыл сайын көбөйтүлүп, тукумун сактоо жана жакшыртуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

"Фермерлердин арасынан өзгөчө айырмаланып келген малчы он жылдан бери ак топоз багуу менен алектенип, бул тармакты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет. Анын чарбасында азыр ондогон баш ак топоз багылып, тукумду жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Эмгеги жана жараткан жетишкендиктери үчүн учурда фермер министрлик тарабынан топоздун жаңы түрү - "Таштанбектин Ак топозу” деген наамды алуу алдында турат", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле министрлик адистер тарабынан фермерлерге багуу технологиялары, жем-чөп базасын жакшыртуу жана асыл тукум багытындагы иштер боюнча методикалык жардамдар көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: