super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Салык кызматы 2025-жылдын 10 айында планды ашыгы менен аткарды

 

Мамлекеттик салык кызматы январь–октябрь айларында белгиленген планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, он айдын ичинде 310,4 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. План 104,3 пайызга аткарылып, кошумча 12,7 миллиард сом түшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 73,2 миллиард сомго көп, өсүү ыргагы 130,9 пайызды түздү.

Рахманов белгилегендей, бул жыйынтыктар салык жүгүн көбөйтүү эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, санариптештирүү жана ыктыярдуу төлөө маданиятынын жогорулашы аркылуу камсыз болгон.

Мындан тышкары, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да оң динамика байкалууда. 10 ай ичинде 66 миллиард сомдон ашык каражат чогултулуп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 миллиард сомго көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: