Өлкө боюнча 12 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлдү
10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.Программанын максаты – аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү.
"Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда. Түзүлгөн социалдык контракттардын багыттарын алып караганда, эң көп айыл чарба тармагы — 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө — 925, соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда. Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025-жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт", - деп билдирди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















