BBC'нин башкы жетекчилери кызматтан кетти
Британиялык BBC телеканалынын башкы директору Тим Дэйви жана жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчиси Дебора Тернесс кызматтан кетти. Бул чечим Дональд Трамптын сөзүн өзгөртүп көрсөтүү боюнча Panorama программасындагы жаңылыштыктан кийин кабыл алынганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Тим Дэйви кемчиликтер болгонун моюнга алып, башкы директор катары жоопкерчиликти өзүнө алды.
Telegraph гезити иликтөө жүргүзүп, программа Трамптын сөзүнүн эки бөлүгүн бириктирип, көрүүчүлөрдө ал башаламандыкты демилгелегендей таасир калтырганын жазган. Британиянын маданият министри окуяны олуттуу экенинин билдирди.
Тим Дэйви BBC'де 20 жыл иштеген, Дебора Тернесс 2022-жылдан бери жаңылыктар бөлүмүн жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:40
2025-11-10
13:26
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















