АКШ кайсы багыттар боюнча Кыргызстан менен кызматташат?
6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жолугушуп, бир нече багыттар боюнча келишимдер болду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти кабарлаганын чет элдик басылмалар билдирди.
Жолугушууда америкалык жана кыргыз компанияларынын ири келишимдери белгиленди. Алар миллиарддаган доллардык экспортту камсыз кылып, миңдеген жумуш орундарын түзөт деп бааланууда.
Келишимдердин арасында төмөнкүлөр бар:
-
All American Rail Group менен "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын темир жол куруу боюнча келишими;
-
Citi жана "Айыл Банк" ортосунда кызматташтык меморандуму;
-
Oppenheimer компаниясы "Айыл Банкынын" 5 жылдык 300 миллион доллары суммасындагы облигациясын чыгарууга келишим түздү.
Ошондой эле эл аралык аба каттамдарды көбөйтүп, америкалык авиакомпаниялардын Борбордук Азиядагы катышуусун күчөтүү да каралганы белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















