super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Кыргызстанда түштүк кореялык реалити-шоунун экинчи сезону тартылып бүттү

 

Кыргызстанда Түштүк Кореянын белгилүү реалити-шоусу "EIDER Chalet'тин" экинчи сезонунун тартуулары аяктады. Бул тууралуу маалыматты Экономика министрлигине караштуу Туризм департаменти билдирди.

Долбоор Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин жана "K2 Korea Group" компаниясынын колдоосу менен ишке ашкан. Тартуу иштери Чүй жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкекте өткөн.

Ага 32 түштүк кореялык инфлюенсерлер, тревел-блогерлер жана ырчылар, анын ичинде белгилүү блогер PaniBottle жана мурдагы k-pop жылдызы Квон Ынби катышкан.

Тартылган материалдар YouTube жана Instagram аркылуу жарыяланат. Туризм департаментинин баасы боюнча, бул долбоор Кыргызстанды Түштүк Кореянын аудиториясына таанытууга жана өлкөнүн туристтик имиджин жогорулатууга өбөлгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: