super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Эки талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

 

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Мекемеден кабарлагандай, эки талапкер тең арыздарын БШКга 8-ноябрда берген.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү талапкерлер беришкен:

  • №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Рыскулбек уулу Нурмат;
  • № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшович.

БШК жогоруда аталган талапкерлердин каттоосун жокко чыгарды.

Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.

Быйылкы шайлоо жаңы кабыл алынган мыйзам менен өтөт. Анда кандай өзгөрүүлөр бар? Бул шилтемеден окусаңыз болот.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: