super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нью-Делиде унаа жарылуусунан сегиз адам каза болду

 

Индиянын борбору Нью-Делиде Hyundai i20 үлгүсүндөгү унаа жарылып, кеминде сегиз адам каза болду. Бул тууралуу DW агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ондогон адамдар жаракат алышкан. Окуя жол чыракта токтоп турган жерде болгон, жарылуунун себеби азырынча белгисиз.

Полиция башчысы Сатиш Голча жарылуунун себептерине байланыштуу "бардык варианттар каралууда" деп билдирди. Ал эми тергөө иштерине антитеррордук бөлүм да тартылган. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, жарылуу кечээ, 10-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00 чамасында болуп, анын натыйжасында дагы алты унаа жана үч мотоцикл өрттөнгөн.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: